• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 25 жыл болду

Президент 0

Бишкек, 18-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Индия Республикасынын Президенти Пранаб Мукерджи өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жиберишти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди маанилүү дата – Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгы менен куттуктайм. Биздин өөлкөлөр ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу жана келечекке багытталган кызматташууну туруктуу кеңейтилип жатышын жогору баалайм», - деп айтылат Президент Алмазбек Атамбаевдин телеграммасында.

Мамлекет башчысы 2016-жылдын декабрындагы Индия Президенти менен Делиде жолугушууну жылуу сезимдер менен эскере турганын, анын жүрүшүндө өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болгонун белгиледи.

«Негизги тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча жетишилген макулдашуулардын баарын ишке ашыруунун маанилүү экенин белгилейм. Сизге бекем ден соолук, мамлекеттик ишиңизде зор ийгиликтерди, ал эми дос Индия элине – бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм»,- деп айтылат телеграммада.

Индия Республикасынын Президенти Пранаб Мукерджи өз телеграммасында өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын дос элине куттуктоо жолдогон.

«Индия менен Кыргызстан ортосундагы эки тараптуу мамилелер бардык чөйрөлөрдө ийгиликтүү өнүгүп жатканы канааттандырат. Ар кыл тармактарда жетишилген ийгиликтерди бирге белгилеп жаткан ушул маанилүү күндө биздин өз ара пайдалуу мамилелердин мындан ары да бекемдей берерине ишеним артабыз», - деп айтылат телеграммада.

Индия Президенти Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаевге бакубатчылык жана Кыргыз Республикасынын дос элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий