• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Индиянын ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 2021-жылдын 19-декабрында Нью-Дели шаарында өткөн “Индия-Борбордук Азия” министрлер диалогуна катышуусунун алкагында Индия Республикасынын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер кыргыз-индия кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнөктөштүк чөйрөлөрүн талкуулашты.

Тараптар КР президенти С. Жапаровдун “Индия - Борбордук Азия” саммитине катышуусунун алкагында 2022-жылдын январында Индияга боло турган иш сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурушту. Индия тарап Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди кызматташуунун жогорку деңгээлине көтөрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Министр Казакбаев пландаштырылган бардык эки тараптуу иш-чараларды, биринчи кезекте соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын, ошондой эле Кыргызстандын Индияда жана Индиянын Кыргызстанда кайчылаш маданияттар жылынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду. Мындан тышкары, эпидемиологиялык кырдаалга байланышкан чектөөлөргө карабастан, Кыргызстан менен Индия быйыл бир катар эки тараптуу маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө жетишкендигин белгиледи.

Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында тараптар Кыргызстанда да, Индияда да бир катар кыргыз-индия бизнес-форумдарын өткөрүү, Индия өкмөтүнүн гранттык жардамы аркылуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 200 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик линияны берүү шарттарын макулдашууну тездетүү, анын ичинде КРнын университеттеринин биринин базасында Бишкекте билим берүү IT борборун ачуу тууралуу макулдашышты. Мындан тышкары, "Телемедицина" долбоорун Кыргызстандын бардык аймактарында кеңейтүү, Кыргызстандагы будда храмдарын биргеликте археологиялык изилдөө боюнча макулдашууларга жетишилди. Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлери аскердик-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө байланышкан маселелерди дыкат талкуулашты.

Министр С. Джайшанкар кыргыз тарапка "Индия-БА" министрлер диалогуна катышкандыгы жана колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, кыргыз тараптын “Индия-БА” саммитин өткөрүү сунушун колдошу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-индия эки тараптуу мамилелеринин жогорку деңгээлинин ачык далили болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий