• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлери жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрь күнү ШКУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумунун алкагында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Индиянын тышкы иштер министри С. Жайшанкар жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда министрлер, Индиянын премьер-министри Н. Модинин 2019-жылы Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагындагы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашкан.

Министрлер аба каттамдарын ачуу, жеңилдетилген насыя алуу боюнча келишим түзүү, медицина тармагындагы байланышты тереңдетүү боюнча ишти жандантууга даяр экендигин билдиришкен.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн коронавируска байланыштуу мекенине кайтууга мүмкүнчүлүгү жок жарандарын кайтаруу ишинде кызматташуу маселелери талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий