• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Ирандын дипмамилелерине 30 жыл. ТИМ башчылар куттуктоо каттары менен алмашты

Саясат 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10-майында Кыргызстан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Амир Хоссейн Абдоллахиян мамлекеттер ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашты. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Кыргызстан менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз.

Кыргызстан менен Ирандын терең тарыхый достукка, эки элдин жалпы адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарына негизделген достук, өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү болуп саналат.

Өткөн жылдарда тараптардын жигердүү аракеттеринин натыйжасында бийик жана жогорку деңгээлдеги саясий байланыштар түзүлүп, кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында натыйжалуу соода-экономикалык кызматташтык түзүлүп, аймактар аралык байланыштар бекемделгенин кубануу менен белгилейм".

ИИР тышкы иштер министри Амир Хоссейн Абдоллахияндын куттуктоосунда мындай деп белгиленет:

"Бактыга жараша, эки өлкө көптөгөн тарыхый, маданий, диний жана цивилизациялык жалпылыктарга, ошондой эле ынак коңшулук принциптерине таянып, 30 жылдан бери ак ниеттүү достук мамилелерин сактап келет. Эки өлкөнүн дипломатиялык кызматкерлери жана ведомстволору кол тийбестикти жана коопсуздукту коргоо жаатында гана эмес, өз ара байланыштарды жана мамилелерди өнүктүрүүдө олуттуу, көрүнүктүү ролду ойношту.

Бул маанилүү миссия жакынкы жылдарда да көңүл чордонунда болуп, ал эми тараптардын тышкы саясий ведомстволору эки өлкөнүн лидерлери белгилеген маанилүү максаттарга жетүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарына ишенем".

Пикир

Оставить комментарий