• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Исландиянын Россиядагы элчилери кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 29.10.22./Кабар/. Кыргызстан менен Исландиянын Россиядагы элчилери Гүлнара-Клара Самат жана Аурни Тор Сигурдс жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-исландия мамилелеринин бир катар актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Исландиянын гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана геотермалдык булактар чөйрөсүндөгү бай тажрыйбасын жана компетенциясын эске алуу менен соода-экономикалык кызматташтыкты олуттуу өнүктүрүү максатында тараптар бул багыттар боюнча өз ара пайдалуу иш-чараларды жана долбоорлорду уюштурууга күч-аракетин жумшоону макулдашышты.

Тараптар Кыргызстан менен Исландиянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий