• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Испаниянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрель күнү, КР менен Испания королдугунун тышкы иштер, Европа Биримдиги жана кызматташтык министри Чыңгыз Айдарбеков менен Аранча Гонсалес Лайе телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Министр Ч.Айдарбеков эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түз байланышты уюштуруу жана маалыматтарды алмашуу жолу аркылуу коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча Испаниянын топтогон тажрыйбасын алууга кыргыз тараптын кызыкдарлыгын белгиледи.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары консулдук маселелер боюнча да пикир алмашышты. Испаниядагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелери өзүнчө каралды.

Министрлер жакынкы убакта онлайн конференция форматында министерлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кезектеги саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Мындан тышкары, тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө, ошондой эле эки тараптуу жана эл аралык күн тартибинин маселелерине көңүл бурушту, өз ара кызыкчылыкдарды көздөөчү маселелер боюнча диалогду колдоп турууга келишишти.

Пикир

Оставить комментарий