• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы дипмамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду

Саясат 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 24-мартында Кыргызстан менен Италия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет. Бул тууралуу Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер стабилдүүлүк жана позитивдүү динамика менен мүнөздөлөт.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Италия эки тараптуу мамилелердин кеңири спектри боюнча ишенимдүү өнөктөштөр болуп саналат. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жылдарында тышкы саясий ведомстволордун жетекчилеринин деңгээлинде туруктуу саясий байланыштар түзүлүп, парламенттер аралык байланыштар орнотулду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык өнүгүп, Европа Биримдигинин, БУУнун жана ЕККУнун алкагында туруктуу диалог түзүлдү. «Борбордук Азия+Италия» платформасынын алкагында эффективдүү кызматташтык жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Римде КРнын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы жана 2020-жылдын август айында Италияда Кыргызстандын элчилигинин ачылышы менен өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер кыйла активдешти.

Кыргызстан Италия менен түзүлгөн достук мамилелерин жогору баалайт жана демократиялык баалуулуктарды урматтоого жана бекемдөөгө эки тараптын умтулуусуна негизделген мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерге даяр.

Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо куттуктоо каттары менен алмашышты.

Министрлер өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө конструктивдүү кызматташтыкты бекемдөөгө умтула тургандыгын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий