• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Кечээ, 6-июлда Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Россия, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча департаментин көзөмөлдөгөн, Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Манлио Ди Стефано менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун эки тараптуу күн тартибинин учурдагы бардык актуалдуу маселелери, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү пландары, алдыдагы иш-чараларды өткөрүү талкууланды жана жакынкы келечектеги өз ара пландар жана милдеттер белгиленди.

Маектешүүчүлөр эки тараптуу боюнча да, регионалдык форматта да, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты сактоо зарылдыгына өзгөчө басым жасашты. Ушуга байланыштуу, өз ара иш сапарларды уюштуруу, анын ичинде жогорку деңгээлде үзгүлтүксүз саясий байланыштарды жүргүзүү жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий