• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен ЮНЕПтин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-апрелинде Кыргызстандын Нью-Йорктогу БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Курчап турган чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) Нью-Йорктогу кеңсесинин башчысы Лигия Норона менен жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЮНЕПтин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Туруктуу өкүл Аида Касымалиева өлкөнүн тоо күн тартибиндеги эл аралык демилгелери тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, Туруктуу өкүл 2022-жылды Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоону жана быйылкы жылы Кыргызстан «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракет» аттуу жаңы резолюциясынын долбоорун сунуш кылууну көздөп жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу, алдыда боло турган иш-чараларга катышууга чакырды.

Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы улуттук демилгелер, анын ичинде КР президенти С. Жапаровдун 2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгы жана «Жашыл Мурас» улуттук программасы тууралуу маалымат берилип, анын алкагында өлкө жыл сайын 5-6 миллион көчөт отургузууну пландаштырып жатканын айтты.

Өз кезегинде кеңсесинин башчысы Кыргызстанга тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгүн колдоого жана көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий