• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана Израиль түз аба каттамын ачууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Кыргызстан жана Израиль түз аба каттамын ачуу боюнча маселени талкуулоодо. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Мындай мүмкүнчүлүктү департаменттин директору Самат Шатманов Израилдин элчиси Эдвин Натан Ябо Глусман менен талкуулаган. Тараптардын жолугушуусу 27-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин базасында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи туризм тармагында, өзгөчө кышкы туризм боюнча эки тараптуу кызматташтыкты орнотууга кызыкдар экендигин белгиледи.

"Израиль тарап белгилегендей, эки өлкө ортосундагы түз аба каттамы эки тарапка тең туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Кыргыз тараптан өлкөнүн туристтик дарамети менен таанышуу максатында Израилдин туристтик бизнесинин өкүлдөрү үчүн инфо-тур өткөрүү сунушталды", - деп айтылат маалыматта.

Тараптар тыгыз өз ара аракеттенүүгө жана мындан аркы кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришип, натыйжада өлкөнүн туруктуу туризмин мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий