• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Катар соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Кечээ, 6-мартта Катардын Доха шаарында КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Катардын Соода жана өнөр жай министри Улуу Урматтуу Шейх Мохаммед бин Хамад бин Касим Аль- Абдулла Аль-Тани менен жолугушту.

КР Экономика министрлигинен билдиришкендей, Амангелдиев жолугушууну Катар тарапты 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ийгиликтүү өтүшү жана жыйынтыкталышы менен куттуктоодон баштады.

Ал эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү потенциалын, анын ичинде экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын аянтында билдирди.

Анын айтымында, учурда 2022-жылы келишимге кол коюлган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу долбоорун ишке ашыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Бул долбоор Кыргыз Республикасына Каспий деңизине, Перс булуңуна, ошондой эле Европа өлкөлөрүнө чыгууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле КР министрлер кабинети менен Катардын ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган фундаменталдык макулдашууларга, анын ичинде инвестицияларды коргоо жана кош салык салуудан качуу боюнча макулдашууларга кол коюлуп, иштеп жаткандыгы белгиленди.

Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы Кыргызстандын Катар мамлекетинин азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы тажрыйбасына, тактап айтканда, биргелешкен логистикалык борборлорду, базарларды ачууга, электрондук коммерцияга кызыкдар экенин билдирди.

"Туризм тармагында өлкөлөр ортосундагы визалык процедураларды жөнөкөйлөштүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, ушул жылы 5-мартта Qatar Airways Group компаниясынын аткаруучу директору менен өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселеси боюнча жолугушуу өткөрүлдү", - деди министр Амангелдиев.

Өз кезегинде Катар мамлекетинин соода жана өнөр жай министри эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып өттү. Тактап айтканда, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле бизнести, жеке секторду жана туризм тармагын колдоо максатында эки өлкө ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү карала турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий