• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Катар табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жаатында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Ахмед Аль Сулайти менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМдин бама сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Катар элчиси Абдулла Ахмед Аль Сулайти бул жолугушуу эки тараптуу мамилелерди жаңы тепкичке көтөрө турганына токтолуп, мындан ары да кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде ӨКМ башчысы элчинин сапары үчүн ыраазычылык билдирип, мамилелердин жакшырышына кызыктар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий