• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Катардын ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Катар мамлекетинин тышкы иштер министри Шейх Мохаммед бин Абдурахман Аль Тани эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жолугушуу 2017-жылы 17-февралда Германияда коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын аянтчасында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Делегация башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, атап айтканда жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, өлкөнүн экономикасына катар инвестицияларын тартууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Делегациялардын башчылары саясий диологду активдештирүү жолу менен эки тараптуу жана көп тараптуу конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү мындан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий