• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Казакстан Айтматовдун чыгармасынын негизинде телесериал тартышы мүмкүн

Маданият 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстан Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" чыгармасынын негизинде "Маңкурт" темасын биргелешип телесериал катары тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдыралиев менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Ведомствонун маалыматына караганда, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 24-январда Бишкекте өттү.

Жолугушууда тараптар маданият, маалымат, кинематография жана жаштар саясаты тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Министр Алтынбек Максүтов өз сөзүндө өткөн жыл ичинде тараптардын бир туугандык байланыштарын бекемдеген ири окуялар болгонун жана кыргыз тарап Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы ишенимди арттырууга мындан ары да салым кошууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушууда казак тарап маалымат жагынан тыгыз кызматташуу максатында маалымат чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү меморандумунун долбоорун иш тартибинде сунуштап, аны дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтө турганын маалымдады.

Мындан тышкары, Meta Platforms Inc. америкалык трансулуттук холдингинин Казакстанда кеңсесин ачканын эске алуу менен, казак жана кыргыз медиа тармагын Tik-Tok, Facebook, Instagram жана Google сындуу социалдык тармактар менен интеграциялоо маселеси талкууланды.

Ошондой эле, Дархан Кыдырали Казакстанда кыргыз контентин жайылтууга жана блогерлер арасында тажрыйба алмашууга даяр экенин белгилеп өттү.

Министр Алтынбек Максутов блогерлер арасында тажрыйба алмашууну Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлгинин "Келечек" жаштар платформасын колдонууну сунуштады.

Күн тартибинде кинематография тармагындагы кызматташуу маселеси көтөрүлүп, 2023-жылы 95 жылдыгы белгилене турган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кылымдан карытаар бир күн” чыгармасынын негизинде “Маңкурт” темасын биргелешип телесериал катары тартуу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий