• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстан айыл чарба тармагында кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков бүгүн, 16-авгутта Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Р. Жошыбаев менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

"Кыргыз, казак элдеринин салттуу достук мамилелерин белгилешти, министр Кыргызстан Казакстанды союздаш катары эле эмес, бир тууган мамлекет катары эсептээрин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар Борбор Азиядагы эң көйгөйлүү делген кургакчылык маселесин таалкулашты.

Мындан сырткары, айыл чарбасын өнүктүрүү максатында тыгыз кызматташууну улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий