• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстан бажы төлөмсүз мунай продуктыларын ташууну сүйлөшө баштады

Коом 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстан мунай жана мунай продуктыларын бажы төлөмсүз ташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн мунай жана мунай заттарын ташуу багытында соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоонун биринчи этабы жүрүүдө.

Талкууланып жаткан долбоорго ылайык казакстандык тарап бекитилген индикативдик баланс жана протоколго ылайык Кыргызстанга бажы төлөмсүз мунай заттарын экспорттоого милдеттенет.

Индикативдик баланс 5-6 күн аралыгында Казакстанда боло турган сүйлөшүүнүн экинчи этабында бекитилет.

Долбоордун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кыргызстан тараптан Өнөр-жай, энергетика мамлекеттик комитетине, Казакстан тараптан Энергетика министрлигине жүктөлгөн. Кыргызстан тараптан жумушчу топтун курамында аталган комитеттин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий