• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстан өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзөт

Экономика 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстан өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзөт. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөзь кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, тиешелүү макулдашууга Астанада өткөн эл аралык форумдун алкагында бүгүн кол коюлуп, ага кыргыз тараптар экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, казак тараптан Казакстандын вице-премьер-министри – соода жана интеграция министри Серик Жумангари катышты.

Документте «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол постторунун аймагындагы комплекстин ишмердүүлүгүн түзүү жана жөнгө салуу жагы каралган.

Министрликтен кошумчалашкандай, 2022-жылдын 29-апрелинде өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жана мамлекет башчыларынын өз ара сапарларынын жыйынтыгында жаңы өнөр жай-логистикалык комплекстерди түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

ӨСЛК долбоору эки өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторунда өз ара сооданы жана эки тараптуу долбоорлорду көбөйтүү үчүн жаңы өсүү чекити катары каралат.

Биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү экспортко багытталган экономикалык жактан натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын айрым секторлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, анын ичинде өндүрүштү жана сатууну башкаруунун алдыңкы технологияларын колдонуу аркылуу жогорулатууга мүмкүндүк берет.

ӨСЛК ишиндеги артыкчылыктар болуп төмөнкүлөр саналат:
- өндүрүштүк кооперация, жаңы өндүрүштөрдү жана жумушчу орундарды түзүү;
- этти жана айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү;
- материалдык-техникалык жана бизнес объекттерин жакшыртуу;
- жаңы технологияларды тартуу;
- айыл чарба өндүрүшүн диверсификациялоо;
- айыл чарба продукциясын ташып келүү, сактоо жана кайра иштетүү;
- жогорку атаандаштык артыкчылыкка ээ болгон керектөөчү товарларды, анын ичинде тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү;
- эл аралык товарларды бөлүштүрүү системаларына натыйжалуу интеграциялоо менен жаңы товарларды чыгаруу жана аларды андан ары сатуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен ӨСЛКны түзүүнүн жана иштешинин максаттарына ылайык келген иштин башка түрлөрү.

ӨСЛК түзүү өндүрүштүк линияларды чийки заттын олуттуу көлөмү жана өнүккөн инфраструктурасы бар экономикалык жактан жагымдуу чөлкөмгө жайгаштырууга, жалпысынан эл аралык рыноктордо өлкөлөрдүн рыноктук үлүшүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.


Маалымат үчүн: Макулдашуунун долбоору Кыргызстандын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 6-июнундагы буйругу менен жактырылган.

Пикир

Оставить комментарий