• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстан туристтер үчүн жашыл коридор ачууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстан туристтердин өтүшү үчүн жашыл коридор ачууну пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун инвестиция жана эл аралык байланыштар боюнча аткаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул маселени эки өлкөнүн компетенттүү органдары жана гиддери талкуулап, иштеп чыгууда.

"Мындай коридорлор туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана чек арадан өтүүдө узун кезекке турууга убакытты текке кетирбөө үчүн зарыл", - деди ал.

Итибаев бул багытта Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, акыркы алты жылдан бери Кыргызстан менен Казакстандын бийликтери Алматыдан Ысык-Көлдүн жээгине жөө жүрүш маршрутун калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Келишим 2022-жылы түзүлгөн. 21-апрелде казакстандык "Каз Альп клубу" бейөкмөт уюму менен "КАТО" ААКсы (Кыргыз туроператорлор ассоциациясы) чек арадагы бардык көйгөйлүү маселелерди чечүүгө даяр экендиктерин билдирип, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Август айынын аягында жаңыланган маршрутту туристтердин эки тобу сынап көрүштү. Биринчиси эки республиканын чиновниктери, ишкерлери, депутаттары жана коомдук ишмерлери болсо, экинчиси тажрыйбалуу спортчулардан турган. Алар сапарын Казакстандын Көлсай көлдөрүнөн (Алматыдан 295 чакырым алыстыкта) башташкан. Биринчи топ үч күндө 30 чакырым жолду басып өтүп, 3270 метр бийиктикке чыкты. Ал эми экинчиси Озерный жана Сары-Булак ашуулары аркылуу өткөн (Кыргызстан). Жолдо 80 километр узундукта төрт тоо дарыясын кечип өтүштү. Саякатчылар трассалардын абалы жана мүмкүн болуучу табигый коркунучтар тууралуу маалыматты жаңыртышты, ошондой эле чек арадан өтүү тартибин иштеп чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий