• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстандын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы артат

Билим 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында билим берүү жана илим жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө казак тарап Казакстандын жогорку окуу жайларынан акысыз билим алууну каалаган Кыргызстандын жарандары үчүн жыл сайын бөлүнүүчү квотанын санын 2022-2023-окуу жылынан тартып бештен элүүгө чейин көбөйтүүгө даяр экендиги маалым болду. Өз кезегинде кыргыз тарап да Казакстандын жарандары үчүн жыл сайын бөлүнүүчү квотанын санын көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эске салсак, жакынкы убакта 2006-жылдын 4-июлунда Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу тууралуу макулдашуунун алкагында 2021-2022-окуу жылына 5 орунга тандоо жарыяланат.

Ошондой эле Казакстан Кыргызстандын аймагында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачууга кызыкдар экендигин билдирди.

Аталган визиттин алкагында КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев казакстандык кесиптеши Асхат Аймагамбетов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу маселелерди талкуулады. Атап айтканда, Алмазбек Бейшеналиев эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерин кайчылаш түрдө педагогикалык практикадан жана такшалтмадан өткөрүп турууну киргизүү сунушун берди. Бул сунуш эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосундагы ведомстволор аралык келишимдин негизинде жүзөгө ашырылмай болду.

Мындан тышкары Кыргыз-казак илим фондун түзүү тууралуу оозеки макулдашуу жетишилди. Бул демилгени жүзөгө ашыруу үчүн жакын арада Өкмөттөр аралык келишим даярдалат.

Пикир

Оставить комментарий