• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрлери Алматыда жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрлери Улан Ниязбеков жана рлан Тургумбаев Алматыда жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлер жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашып, көп багыттарды камтыган суроолор боюнча ой бөлүшүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ИИМ башчылары бирдиктүү күч-аракеттерди координациялоо жана улуттар аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, ыкчам, криминалистикалык, укуктук маалыматтар менен бөлүшүү боюнча ички иштер органдарынын ишин күчөтүү керектигин билдиришти.

КР ИИМдин башчысы Казакстанда ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан жаңылоо иштерине, анын ичинде полиция кызматын санариптештирүүгө, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча калк менен кызматташтыкты жакшыртууга, түзүмдүк билим берүү реформасына, калктын полицияга болгон ишенимин арттырууга жана натыйжалуу кайтарымдуу мамиле түзүү иштерине өзгөчө көңүл бурду.

"Учур талабына жараша Кыргызстанда дагы, Казакстанда дагы соттук-укуктук реформалоо, анын ичинде ички иштер органдарын дагы реформалоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул жолугушуу ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн реформалоо чөйрөсүндөгү оң тажрыйбалар менен бөлүшүүгө себепкер болот деп ишенимдүү түрдө айта алам. Биз кызматташууну мындан ары дагы бекемдөөгө кызыкдар экендигибизди жана өз ара байланышуубузду күчөтүүнү сунуштайбыз", - деди Улан Ниязбеков.

Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү багыты боюнча кызматташтыгыбыз оң натыйжага ээ. Өткөн жылы жана ушул жылдын үч ай ичинде кылмыш жасоого тиешеси бар 35 адам Казакстандан аныкталган. Өз кезегинде Кыргызстандын милиция кызматкерлери издөө жарыяланган 17 шектүүнү кармашкан.

Министр Ерлан Тургумбаев жакында Алматыда жүргүзүлгөн бирдиктүү атайын операциянын натыйжасында автоунааларга байланышкан бир нече алдамчылыкка тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын билдирди. Бир нече тергөө амалдары жүргүзүлгөн соң шектүүнү коңшу республикага экстрадициялоо иштери каралаарын айтты.

Чек арага чектеш аймактарда кызматташтык өнүгүп жаткандыгы дагы баса белгиленди. Алматы жана Жамбыл облустарынын аймактык полиция бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынын ички иштер органдары менен тыгыз кызматташып келет.

Тараптар коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана улуттар аралык, уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү боюнча эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин тыгыз кызматташтыгы мындан ары дагы уланаарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий