• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөтү ортосундагы жаңы көпүрө куруу жана реконструкциялоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын „Ак-Тилек автожолу“ жана Казакстан Республикасынын „Карасу автожолу“ өткөрмө пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Долбоордун максаты болуп товарларды өз ара алмашуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек автожолу» жана Казакстан Республикасынын «Карасу автожолу» өткөрмө пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо аркылуу эки мамлекеттин региондорунун ортосунда соода-экономикалык байланышты жакшыртуу эсептелет.

Көпүрөлөр бир эле мезгилде ар бир тараптын өзүнүн аймагында паритеттик негизде курулат, аларды ар бир тарап өз бөлүгүндө пайдаланат жана тейлейт.

Көпүрөнү куруунун болжолдуу наркы 87 млн сомду түзөт.

Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек автожолу» жана Казакстан Республикасынын «Карасу автожолу» өткөрмө пункттарынын ортосунда Чүй дарыясы аркылуу жаңы көпүрөнү куруу мезгилинде автотранспорт каражаттарынын өтүшү убактылуу токтотулат. Автотранспорт каражаттары жана жөө жүрүүчүлөр «Ак-Жол автожолу», «Кен-Булуң автожолу» жана «Токмок автожолу» өткөрмө жайларынан өтүшөт.

Жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо аяктагандан кийин алар бирдей үлүштө Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын менчигине өткөрүлүп берилет, көпүрөлөрдү ар бир Тарап өз аймагынын чегинде пайдаланат жана тейлейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий