• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын маданият министрлери жолугушту

Маданият 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүнө эки тараптын маданият жана искусство мекемелеринин жетекчилери жана Кыргызстан менен Казакстандын белгилүү маданият өкүлдөрү катышып, кыргыз-казак мамилелери, маданий-гуманитардык алакалар талкууланып, мамлекеттер ортосундагы алаканын негизги көпүрөсү болгон маданият тармагында ишке аша турган бир катар ойлор айтылып, биринчи кезекте ишке ашыра турган долбоорлор тууралуу маселелер ортого салынды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кайрат Иманалиев Казакстан менен кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга кызыктар экендигин кошумчалап, Кыргызстанда өтө турган маданият күндөрүн ийгиликтүү өткөрүп алуу менен, жолугушууга келген чыгармачыл өнөр адамдарына ийгилик каалады.

Ал эми казак министри Актоты Раимкулова Кыргызстанда өтө турган маданият күндөрүнө мыкты даярдыктар менен келгенин белгилеп, эзелтен кыргыз-казак элинин тарыхы жана маданияты бир экендигин кошумчалап, 2022-жылга Кыргызстанды маданият күндөрү менен келүүгө чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын Маданият министрлиги эки элди ынтымакка, достукка жана гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталган бир катар орток иш-чаралар өткөрүп жаткандыгы айтылып, аны үзгүлтүксүз жана байма-бай улантуу керек экендиги баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий