• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстандын медиа өкүлдөрү ортосунда футболдук беттеш өттү

Коом 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын медиа өкүлдөрүнөн куралган Top team KG жана One game командаларынын ортосундагы футболдук оюн өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Беттеш министрликтин #Келечек платформасынын алкагында колдоого алынып, расмий ачылышына маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.

Оюн эки өлкөнүн достугун жана тилектештигин бекемдөө максатында уюштурулуп, дени сак жашоо образын жайылтуу жана жаштар арасында футбол оюнун кеңири таратууну көздөдү.

90 мүнөткө созулган оюнду Казакстандын командасы жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий