• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстандын милициялары эл аралык баңгизат каналына бөгөт коюшту

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын милициялары биргеликте эл аралык баңгизат каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизаттарды жеткирүү каналдарын токтотуу үчүн чектеш мамлекеттердин баңгизаттарга каршы ведомстволору менен тыгыз байланышта иштешет.

Кыргызстандын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери Казакстандын атайын кызматы менен биргеликте Орто Азияга синтетикалык баңгизаттарды интернет аркылуу ташуунун жана сатуунун туруктуу каналынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул үчүн ведомстволор тарабынан чек арага жакын мамлекеттердеги кесиптештер менен тыгыз иштешүү уюштурулган.

Трансулуттук баңги тобунун ишмердүүлүгүн жоюу боюнча биргелешкен атайын операция Кыргызстан жана Казакстандын аймагында жарым жыл бою жүргүзүлгөн.

"Укук коргоо органдары 2021-жылдын ноябрынан 2022-жылдын апрелине чейин республиканын аймагында баңги жана психотроптук заттардын ири партияларын даярдоого, контрабандага жана сатууга тиешеси бар туруктуу баңги топторун жоюуга багытталган биргелешкен эл аралык операцияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында Казакстандын төрт – С.Е.Д, А.Р.М, Б.К.Т, М.Б.С. аттуу жараны жана Кыргызстандын үч – Л.Д.В, И.К.А, А.Г.Т. аттуу жарандары аныкталып, кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Биргелешкен эл аралык операцияларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө синтетикалык баңги заттарды өндүрүү боюнча 2 нарколаборатория аныкталып, жоюлду. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн 31 кг 265 грамм баңги заттар, атап айтканда Альфа PVP – 19,5 кг, мефедрон – 6 кг, гашиш – 5 кг, марихуана – 765 гр алынып, баңги каналынын көмөкчүлөрү жана уюштуруучулары кармалды.

Белгилей кетсек, баңгизаттарды сатууда анын болжолдуу баасы 155 млн 545 миң сомду түздү, же бул 1 млн 808 миң 662 долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий