• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы агроөнөр жай жана чек ара кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кечээ, 15-мартта Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбеков Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов, Казакстан Республикасынын Экология, геология жана жаратылыш ресурстарынын вице-министри Серик Кожониязов, Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин Автомобиль жолдору комитетинин төрагасы Сайранбек Бармаков, Казакстан Республикасынын Эл аралык кызматташтык департаментинин директору Канат Олжабаев, "КазахЭкспорт" ААК башкармасынын төрагасынын орун басары Аслан Калигазин жана "QazTrade" ААКтын PR менеджери Юлияна Жихор менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда агроөнөр жай комплекси жаатындагы кызматташтык, товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн потенциалдуу өнүмдөрдүн тизмеси, айыл чарба кооперациялары, товарларды бөлүштүрүү тармагы, Евразиялык товарларды бөлүштүрүү тутуму, соода жана логистикалык борборлор, трансчек аралык дарыялардын суу ресурстарын пайдалануу жана Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Министр Аскарбек Жаныбеков жолугушуунун жыйынтыгында мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий