• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү керек – Абылгазиев

Саясат 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Эки тараптуу товар жүгүртүүнү жогорулатуу жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары бекемдөөдө Кыргызстан менен Казакстандын мүмкүнчүлүктөрү жогору. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен болгон кеңири курамдагы сүйлөшүү учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, коңшу мамлекеттин өкмөт башчысы Кыргызстанга бүгүн расмий сапары менен келген.

Абылгазиев белгилегендей, Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болуп келет.

"Казакстандын Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү 11%ды түзөт. Анын ичинде экспортто – 14%. Биздин маалымат боюнча, 2018-жылы Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү 843 млн. долларды түзгөн. Бүгүн биз аны жакынкы мезгилде 1 млрд. долларга чыгаруу тууралуу сүйлөштүк", - деди ал.

Абылгазиев 2018-жылы 2017-жылга караганда товар жүгүртүү 7%га өскөнүн белгилеген.

"2019-жылдын январь-апрель айларында КР менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 284 млн. долларды түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 13%га өскөн", - деди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий