• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан менен Казакстандын парламенттик комитеттеринин бирдиктүү жыйыны болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеӊештин жана Казакстан Парламентинин Сенатынын парламенттеринин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин мүчөлөрү Казакстандын Кордой айылында жолугушуп, эки өлкө ортосундагы маселелер жаатында пикир алышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Эл өкүлдөрү адегенде чек ара аймактарындагы өткөрүү түйүндөрүнүн иши менен таанышып, эки өлкө артосунда катташкан жарадар үчүн өткөрүү жолжоболорун жөнөкөйлөтүү, жүргүнчүлөрдү тейлөө шарттарын жакшыртуу чечимине келишти.

Белгилей кетек, парламентчилердин жолугушуусуна кыргыз тараптан депутаттар Аскарбек Шадиев (тармактык комитеттин төрагасы), Каныбек Иманалиев, Абдывахап Нурбаев, Алмазбек Баатырбеков, Динара Исаева, Анвар Артыков, Бахадыр Сулейманов катышууда.

Пикир

Оставить комментарий