• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери Астанада мамлекеттик чек араны өтүү тартибин камсыздоону макулдашышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.10.17. /Кабар/. Казакстан Республикасында Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков баштаган расмий делегациясы менен сүйлөшүүлөр аяктады. Бул тууралуу Казинформ Казакстан өкмөтүнүн башчысынын басма сөз кызматына таянып билдирет.

“Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков баштаган расмий делегациясы менен сүйлөшүүлөр аяктады. Бул 30 адамдан турган өкүлчүлүктүү команда болушу экономикалык маселелердин кеңири тармагын деталдуу сүйлөшүүгө шарт түздү. Биринчиден, биз эки жактуу көйгөйлүү экономикалык мамилелерди талкууладык. Алар өлкөлөрүбүздүн чек ара, трансопрттук, фитонсанитардык жана ветеринардык көзөмөл багытындагы өз ара алакаларына байланыштуу”, - деп Казакстандын премьеринин сөзүн келтирет ЖМКлар.

Ошондой эле, Сагинтаевдин айтымында, бажы жана салыктык башкарууга байланыштуу көйгөйлүү маселелер ЕАЭБ жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун нормаларын жана ченемдерин эске алуу менен каралган.

“Мисалы, биздин бажы органдарыбыз кыргыз импортерлору тарабынан Кытайдан товарларды Казакстандын аймагы аркылуу ташууда так эмес декларациялоо фактыларын аныкташууда. Мындан биз тиккелей зыянга учурап жатабыз. Кыргыз тарап өз кезегинде коюлган маселелерге макул болду. Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан тараптын милдеттерин аткарууларына, ошондой эле, Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигиндеги экономикалык кызыкчылыктарды кармануу байланыштуу маселелерди чечүүгө конструктивдүү мамиле жасаларын убада кылды”,- деп кошумчалаган Бакытжан Сагинтаев.

“Экинчиден, биздин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлеринин биринчи орун басарларынын төрагалыгы алдында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Жумушчу топ беш иш күндүн ичинде биргелешкен Жол картасын иштеп чыгышы зарыл. Жол картасы кабыл алынган соң тараптар жетишилген келишимдерди толук кандуу аткарууну камсыздоого милдеттенишет. Ошондой эле биз 19-октябрь саат 00:00дөн тарта өлкөлөрүбүздүң ортосундагы мамлекеттик чек арадан өтүүнүн артыкчылыктуу тартибин камсыздоону макулдаштык. Өзгөчө Кордайда, жеке адамдар, туруктуу жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген автотранспорттук каражаттар, жеңил унаалар, куру жүк унаалары үчүн”,- деди Казакстандын өкмөт башчысы.

Эскерте кетсек, кыргыз делегациясынын Казакстандын борборуна сапары 18-октябрда болгон.

Пикир

Оставить комментарий