• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Казакстандын премьеринин катышуусунда “Ак-Жол” – “Кордай” бекети ачылды

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери Улукбек Марипов жана Аскар Маминдин катышуусунда оңдоодон кийин “Ак-Жол” – “Кордай” көзөмөл-өткөрүү бекети ачылды.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары оңдоо иштерин аткаруу менен таанышышты.

Эскерте кетсек, аталган өткөрмө бекетте оңдоо иштери 2020-жылы мартта башталган.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Улукбек Шаршеев бекетте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүн маалымдады.

“Долбоордун жалпы суммасы 305 млн сомду түздү, башында 342 млн 335 миң сом пландалган болчу", - дейт ал.

Шаршеев мурда “Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү бекетинин өткөрүү жөндөмдүүлүгү суткасына 10 миң адамды жана 1,5 миң унааны түзгөн деп белгиледи. Азыр өткөрүү жөндөмдүүлүгү 3 эседен ашыкка көбөйүп, 35 миң адамга жана 5 миң унаа өткөрүүгө жетти.

Ошондой эле унаалар үчүн тилкелер 8ге чейин, ал эми паспорттук текшерүү кабиналары 18ден 52ге чейин көбөйдү. Мындан тышкары, айдоочулар көзөмөлдөн өтүп, имаратка кирбеши үчүн кабиналар сыртынан дагы ачык.

Көзөмөл өткөрүү бекетин ачуудан кийин Казакстандын Кордай шаарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешмеси болот.

Пикир

Оставить комментарий