• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Казакстандын санариптик өнүктүрүү министрлери кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кечээ, 28-сентябрда Борбордук Азия форумунун алкагындагы Digital week 2021 Интернетти башкаруу боюнча масштабдуу иш-чарада КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин менен жолугушту. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар байланыш, Интернетти натыйжалуу башкаруу, Жогорку технологиялар паркын өнүктүрүү, IT жана санариптик трансформация чөйрөсүндө кадрларды даярдоо жана башка жаатта эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча МБТ өнүктүрүү жана байланыш чөйрөсүндө ведомстволор аралык жумушчу топторун түзүү аркылуу Кыргызстан менен Казакстандын тыгыз өз ара аракеттенүүсү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий