• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Кыргызстан тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана расмий иш сапары менен Бишкекке келген Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди бүгүн жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү билдирүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалды талкуулашканын билдиришти.

“Бүгүн биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалды талкууладык. Кыргыз тарап өлкөлөр мамлекеттер аралык мамилелерде күч колдонуудан же күч колдонуу коркунучунан алыс болуп, өздөрүнүн жана башка мамлекеттердин ортосундагы бардык келишпестиктерди сүйлөшүү, тынчтык, саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечиши керек деп эсептейт”, - деди Казакбаев.

ТИМ башчысы алдыда дагы ушул сыяктуу куралдуу жаңжалга жол бербөө максатында кыргыз тарап чектеш аймактарда ишенимди бекемдөө зарыл деп эсептээрин белгиледи.

“Айрыкча Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө катары бири-бирине каршы курал колдонбоо жөнүндө так механизм иштеп чыгуу маанилүү. Стратегиялык өнөктөштүк принциптерине таянып, биз өз ара урматтоо, мамлекеттик суверендүүлүк жана теңдик принциптерине берилгендигибизди ырастадык. Биз 1991-жылы 8-декабрдагы КМШны түзүү тууралуу келишимдеги жана 2021-жылы 30 жылдыгы белгилене турган Шериктештиктин алкагында кабыл алынган 1992-жылы 21-декабрдагы Алма-Ата деклорациясындагы аймактык бүтүндүктү жана чек аралардын кол тийбестигин урматтоо принциптерине берилгендигибизди тастыктадык”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал 28-апрелде Тажик Республикасы КРнын Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы суу бөлуштүрүүчү каналга видео-көзөмөл орноткондон кийин башталган. Оозеки айтышуунун натыйжасында эки өлкөнүн жашоочулары бири-бирин көздөй таш ыргыта башташкан. 29-апрелде кырдаал курчуп, тажик тарап ок чыгарган. КР Куралдуу чек ара кызматы тарабынан жооп чаралары көрүлгөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик аскерлери Кыргызстандын жарандарын минометтор жана вертолеттон аткылай башташкан.

29-апрель күнү кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстан ТИМ башчылары 20:00 дөн баштап ок атышууну толук токтотуу боюнча макулдашышкан. Бирок, ага карабай тажик тарап Лейлек районунун чек араларына бастырып киришкен. Жай тургундардын турак жайларына, мектеп, бала бакча, поликлиника жана май куюучу жайларга кол салуулар болгон.

Ошондой эле тажик аскерлери Кыргызстандын Интернациональное айылынын айыл башчысы менен бирге 10 жаранын барымтага алышкан. Кийин алар кайтарылган.

Чек арадагы абал 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун сүйлөшүүлөрүнөн кийин турукташкан. Анда тараптар ок атууну толук токтотуу жана чек арачыларга тиешелүү болбогон күчтөрдү мурдагы жайгашкан ордуна алып чыгып кетүү тууралуу макулдашкан.

Куралдуу кол салуудан Кыргызстандын 36 жараны, анын ичинде 3 аскер кызматкери, калганы – жай тургундар арасында 2 бала каза болгон. 190го жакын жаран жарадар болгон, алар ооруканаларга жаткырылган, алардын көбү өтө оор абалда, андан тышкары 40 миңден ашык адам жаңжалдуу аймактан эвакуацияланган. 129 турак үй жана 84 объект, анын ичинде мектеп, бала бакча, ФАП жана башкалар өрттөлүп, талкаланган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалаган.

Пикир

Оставить комментарий