• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана М.Тлеуберди телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле COVID-19га каршы аракеттенүүдө эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Ошону менен бирге кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттары аркылуу автотранспорттук каражаттардын өтүү кыймылына байланышкан кырдаал боюнча пикир алмашышты. Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ишкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен азыркы учурда иштеп жаткан «Ак-Тилек» (Кыргыз Республикасы) – «Карасу» (Казакстан Республикасы) жана «Чоң-Капка» (Кыргыз Республикасы) – «Айша-Биби» (Казакстан Республикасы) өткөрмө пункттарындагы тоскоолдуктарды четтетүү зарыл деген түшүнүккө келишти.

Өз кезегинде кыргыз тарабы казакстан тарабын ЕАЭБдин колдонуудагы ченемдерин сактоого чакырды.

Министр Ч.Айдарбеков зарыл болгон санитардык эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн «Чалдовар» (Кыргыз Республикасы) – «Сыпатай Батыр» (Казакстан Республикасы) көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишмердүүлүгүн 2020-жылдын 8-июнунда саат 12.00дөн тартып кайра жандандыруу жөнүндө жетишилген макулдашууну оң баалады.

Телефондон сүйлөшүүнүн аягында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары маселелерди эки өлкөнүн профилдик органдарынын линиясы боюнча эки тараптуу негизде ыкчам түрдө чечүүнү макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий