• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-августунда кыргыз тарабынын демилгеси боюнча Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Мухтар Тлеуберди телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер Казакбаев менен Тлеуберди кыргыз-казак мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашып, Афганистандагы аскердик-саясий абалдын курчушун эске алуу менен эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Министр Р. Казакбаев Казакстандын жетекчилигине жана Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын 15 жаранын Кабул шаарынан эвакуациялоого, ошондой эле Кыргызстандын Афганистандагы элчилигине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бул көрүнүш биздин өлкөлөр ортосундагы бир туугандык, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелердин жогорку деңгээлинин далили катары эсептелет", - деп айтылат билдирүүдө.

М. Тлеуберди казак тарабынын КР жарандарына жана Кыргызстандын Афганистандагы элчилигине байланыштуу маселелер боюнча мындан ары да жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Тараптар кырдаал курчуп кеткен учурда тез арада жооп берүү жана шашылыш маселелерди чечүү максатында Афганистандагы абал боюнча өздөрүнүн чет өлкөдөгү мекемелери жана Тышкы иштер министрликтери аркылуу жана анын ичинде ЖККУнун алкагындагы өнөктөш өлкөлөр жана башка регионалдык уюмдар менен мындан аркы аракеттерди координациялоону макулдашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык күн тартибинин башка маселелери, алардын ичинде Нур-Султан шаарында боло турган Борбордук Азияда Ядролук куралдан эркин аймак жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышууга даярдыктар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий