• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Хорватиянын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Хорватия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабанович менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жолушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жаатындагы эки жактуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Атап айтканда, Хорватиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, студенттерди жана окутуучуларды алмашуу боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле окуучулар арасында спортту жайылтуу маселелери талкууланды.

Министр Б.Купешев Хорватия менен достук мамилелерди түзүүгө жана билим берүү жаатында кызматташтыкты жандандырууга министрлик кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Р. Шабанович Хорватия студенттерди жана профессордук-окутуучулар курамын алмашуу боюнча биргелешкен программаны иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле медициналык багыт жана IT-технология боюнча биргелешкен факультетти ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, эки өлкөнүн Билим берүү жана илим министрликтеринин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндөгү меморандумду түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө биргеликте күч жумшай турган болушту.

Пикир

Оставить комментарий