• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Хорватиянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Хорватия Республикасынын тышкы иштер жана европа иштери министри Гордан Грлич-Радман телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты жана эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда саясий консультацияларды уюштуруу жолу аркылуу эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн зарылдыгын баса белгилешти.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин кызматташуу маселелери, анын ичинде, Европа биримдиги – Борбордук Азия жаңы стратегиясынын алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүлөрү жана COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо боюнча биргелешкен күч-аракеттер талкууланды.

Ачык жана конструктивдүү маекте эл аралык жана региондук күн тартибинин негизги аспектилери, анын ичинде, БУУнун, ЕБнын, ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын аянтчаларында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий