• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Конья аймагынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-декабрында Коньяга болгон иш сапардын алкагында Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев Конья аймагынын губернатору Вахдеттин Өзкан, ушул эле аталыштагы шаардын вице-мэри Мустафа Узбаш жана Конья аймагынын Миграция иштери боюнча башкармалыгынын директору Зеки Афшин Бузжу менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Конья аймагынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстанда биргелешкен өндүрүштүк ишканаларды ачуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле аймакта жашап жаткан Кыргызстандын жарандарын коргоо маселелери талкууланды.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев аларга Түркияда ыңгайлуу жашап турууда жана ар кандай себептерден улам визанын же жашап турууга уруксаттын мөөнөтүн өткөрүп жибергендерге документтерди тариздөөдө максималдуу жардам берүү суранычын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий