• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Кореянын эки тараптуу мамилелеринин учурдагы абалы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Кечээ, 4-апрелде КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кореянын Эл аралык көргөзмөлөр бюросунун элчиси Квон Ёнг У жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Динара Кемелова корея тарапты 2022-жылдын 9-мартында Кореяда президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Корея өкмөтү Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө мындан ары да көңүл бурарына ишеним артты.

Кыргызстан менен Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин белгилешип, бийик жана жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде Эл аралык көргөзмөлөр бюросунун алкагында көп тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий