• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10-январында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова SEEDON компаниясынын президенти Сон Хён Юль баштаган кореялык делегация менен жолугушуп, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы айыл чарба долбоорлорун талкуулады.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстандын жашылча үрөөнүн өстүрүү боюнча потенциалын жогорулатуу боюнча пикир алмашышты. Компания Кыргызстан менен 2012-жылдан бери кызматташып, пияз өстүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда.

Компаниянын ошондой эле 8 өлкөдө кеңселери бар. Учурда компания айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы өнүктүрүүгө расмий жардам долбоорлорун илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий