• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы бир катар келишимдер ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу», «2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу», «2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы бул келишимдер кылмышкерлерди өткөрүп берүү жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда укуктук базаны түзүү максатында түзүлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий