• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленүүдө

Саясат 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Буга байланыштуу Сеул шаарында Кыргызстандын Кореядагы элчилиги тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Кореядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага ардактуу конок катары Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ё Сын Бэ жана Түштүк Кореянын президентине караштуу Түндүк экономикалык кызматташтык комитетинин төрагасы Пак Чон Су, ошондой эле ведомстволордун, түштүк кореялык ири компаниялар менен ассоциациялардын жетекчилери, Сеулда аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери катышты.

КРнын Кореядагы элчиси Динара Кемелова куттуктоо сөзүндө Корея Кыргызстандын Азия-Тынч океан аймагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. 30 жыл ичинде Кыргызстан менен Корея эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда достук жана кызматташтык мамилелерди чыңдап келди. Жогорку жана өтө жогорку деңгээлдеги сапар алмашуу аркылуу активдүү саясий диалог жүрүүдө, 50дөн ашык эки тараптуу келишимдерге кол коюлду, өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн чоң потенциал бар. 2021-жылы эки тараптуу соода жүгүртүүнүн рекорддук көлөмү катталып, ал 110 миллион АКШ долларынан ашты.

Учурда Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп, саясий жана социалдык-экономикалык кайра куруулар жүргүзүлүүдө. Ал кореялык ишкерлерди Кыргызстанда шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, энергетика, айыл чарба, тоо-кен жана текстиль өнөр жайлары, транспорт, туризм жана туристтик объектилерди, аэропортторду куруу сыяктуу тармактарда бизнесин кеңейтүүгө чакырды. Ошондой эле Кыргызстан Кореянын президенти Мун Чжэ Индин "Жаңы Түндүк саясаты" демилгесин жайылтууга жана анын иш-чараларына жана долбоорлоруна катышууга кызыкдар экенин белгиледи. Корея тарапка Кыргыз Республикасына демократиялык жана социалдык-экономикалык кайра курууларга көмөк көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Корея Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ё Сын Бэ, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери экономикалык жана социалдык инновациялардын жана демократияны жана базар экономикасын өнүктүрүүнүн эсебинен тез экономикалык өнүгүүгө жетишкендигин белгиледи. Кыргызстан Жаңы Түндүк саясатында Түштүк Кореянын өнөктөш өлкөсү. Корея өкмөтү Кыргызстан менен системалуу кызматташууну бекемдөө жана кеңейтүү боюнча чараларды көрүүдө. Тактап айтканда, KOICA кеңсеси, Кореянын айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык программасын борбору (KOPIA), андан башка 2022-жылы январь айында Бишкектеги “Korea Telecom” кеңсеси ачылды. Ошондой эле Кыргызстан 2025-жылга чейин өнүгүүгө расмий жардам көрсөтүү алкагында артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.

Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Ё Сын Бэ келечекте эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, Кыргызстан элинин турмушунун сапатын жакшыртуу жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн маанилүү этап болуп кызмат кылат деген ишенимин билдирди. Ал ошондой эле тараптар климат жана айлана-чөйрө тармагындагы кызматташтыкты бекемдей турганын, ошондой эле санариптик технологиялар тармагындагы кызматташуунун темпин жогорулата турганын белгиледи.

Маалымат үчүн: Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 31-январында түзүлгөн

Пикир

Оставить комментарий