• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтык боюнча депутаттардын достук топторунун жетекчилери жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Корея Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Султанбай Айжигитов аталган өлкөнүн Улуттук ассамблеясындагы “Корея-Кыргызстан” парламенттик достук тобунун жетекчиси Кан Ги Юн менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак, жолугушуу төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын Корея Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында өттү.

Депутаттар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу алакаларды арттыруу маселелерин талкуулап, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз кылышты.

Султанбай Айжигитов Кыргызстанга түрдүү тармактар боюнча колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн Корея тарапка ыраазычылык билдирди. Андан тышкары, Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги аркылуу жасалып жаткан иштерге жогору баасын берип, мисал катары Жогорку Кеңештин санариптештирүүгө багытталган долбоорго токтолду.

“Биз парламенттер аралык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүбүз кажет. Андыктан, депутаттык достук топторунун жана тиешелүү комитеттердин деңгээлинде өз ара иш сапарларды активдештирүүнү сунуштайм”, - деди Султанбай Айжигитов.

Пикир

Оставить комментарий