• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Кореянын Салык кызматтарынын башчылары кызматташууну талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров Кореянын Улуттук салык кызматынын комиссары Хан Сын Хви башында турган делегация менен Бишкек шаарында жолугушту.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары жана ведомствонун бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары дда катышкан.

"Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн фискалдык органдарынын жетекчилери эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты жана улуттук салык системасын өнүктүрүү тажрыйбалары менен алмашышты", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз тарап салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук системасынын долбоору тууралуу айтып берди. Корей өлкөсүнүн салыкчылары ар кандай системаларды жана заманбап технологияларды пайдалануу менен салык төлөөчүлөрдү электрондук тейлөө жаатындагы алардын салык кызматынын аткарып жаткан иштери тууралуу айтып беришти.

Пикир

Оставить комментарий