• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Кореянын соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. 15-январда Кыргызстандын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова "ULP" логистикалык компаниясынын президенти Юн Сон Бэк жана төрагасы Жо Жэ Уик менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кореянын учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, маектешүүлөр туризм тармагына инвестиция салуу, ошондой эле соода-логистикалык борбор түзүү аркылуу өлкөлөрдүн ортосундагы соода мамилелерин кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи аймактардагы туризм инфраструктурасына инвестиция салууну, соода-логистикалык борборлорду курууну, ошондой эле айыл чарба экологиялык жактан таза продукциясын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүнү сунуш кылды.

Өз кезегинде компаниянын президенти Юн Сон Бэк «ULP» компаниясы логистика жана туристтик кызматтарды көрсөтүү жаатында чоң тажрыйбага ээ экендигин белгиледи. Ал 2020-жылы Ысык-Көл облусундагы этникалык шаарчанын курулушун аяктагандыгын белгиледи. Компаниянын президенти кошумчалагандай, учурда Талас облусуна соода-логистикалык борборду куруу шарттары боюнча Кыргызстандын жергиликтүү бийликтеринен жооп күтүлүүдө. Ал жакынкы аралыкта Кыргызстанга келүүгө ниеттенип жаткандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий