• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Кореянын соода-экономикалык жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кореянын Жабыш Каптамалар Ассоциациясынын төрагасы Ли Инь Ёнг жана «Vision K» компаниясынын президенти Джо Джонг Вон менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кореянын учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, тараптар Кыргызстандын өнөр жай тармагына инвестицияларды тартуу, эл аралык экономикалык форумдарды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Түштүк Кореядагы компаниялардын ортосунда соода байланыштарын түзүү боюнча пикир алмашышты.

Ассоциациянын төрагасы 200 туруктуу мүчөсү жана Интернетте 70 миң мүчөсү бар экендигин айтты. Ал кошумчалагандай, Ассоциация Кыргызстандын рыногун изилдөөгө ниеттенип, ошондай эле Кыргыз Республикасынын химиялык өндүрүш менен алектенген компаниялары менен кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий