• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Кувейт маданият тармагында кызматташат. Макулдашууга кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Кувейт маданият тармагында кызматташат. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, макулдашууга кечээ, 20-февралда эки мамлекеттин маданият министрлери Кувейтте кол коюшкан.

"Аталган макулдашуу мындан ары эки мамлекет ортосунда буга чейинки түзүлүп келген маданий мамилелерди өнүктүрүү жана өлкөлөрдүн ортосундагы маданият жана искусство жаатында достук мамилелерди бекемдөө максатын колго алып, маданият жаатында кызматташууну күчөтөт", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун алкагында эки тарап, мамлекеттер ортосундагы маданий алакаларды мындан ары үзгүлтүксүз жөнгө салып, Кыргызстандагы тарыхый – маданий объектилердин үстүнөн биргеликте иштөө жана Кувейт мамлекетинин негизги телеканалдары Кыргызстанга келип, өлкөнүн туристик потенциалын эл аралык аренага чагылдырып берүүсү колдоого алынды.

Пикир

Оставить комментарий