• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Кытай: Алаканын жаңы баскычы

Аналитика 0

Акыркы кездери Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси ылдам өнүгүүдө. Жакында эле президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон сапары алаканын көп багытта өнүгүшүнө өбөлгө болду. Кыргызстан жай айында Шанхай кызматташтык уюмундагы мамлекеттердин Саммитин өткөрө тургандыгын белгилеп кетүү керек. Көпчүлүк эксперттердин баамында, ушул иш-чара КР менен КЭРдин алакасын жаңы баскычка чыгарат.

Серепчи Евгений Донченконун айтымында, ШКУ Саммити ылдам өнүгүүгө өбөлгө боло турган маанилүү иш-чара.

"Кыргызстан бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүп эле койбой, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттерди өзүнүн инвестициялык жагымдуулугу менен кызыктырышы керек. Башкы мекемелердин жакынкы араларда ишке ашырыла турган долбоорлордун так иштелип чыккан планы болуусу тийиш. Саммитте стратегиялык транспорттук артерия боло турган темир жолдун курулушу да талкууланат. Мындан улам "Бир алкак-бир жол" долбоорунун ишке ашырылышын так айтууга болот", - деди ал.

Белгилеп кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун сапарынын алкагындагы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушууда КЭРден Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу өтүүчү темир жолдун курулушу талкуулаган. Бул тууралуу Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Элчи белгилегендей, ал "Бир алкак - бир жол" форумунун алкагындагы эки лидердин темир жолдун курулушун талкууланган сүйлөшүүсүнө катышкан.

"Бул тема боюнча сүйлөшүүлөр мурда эле башталган. Алар мен Кытайдын Тышкы иштер министрлигинде Борбору Азия бөлүмүндө башчы болуп турган эле башталган. Учурда мен элчи болуп отурам. Жыйырма жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул ирет тараптар сүйлөшүп, эксперттер бул маселени дыкат иштеп чыгуусун макулдашышкан", - деди ал.

Ду Дэвэнь кошумчалагандай, долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кытай өз шарттарын койбойт. Темир жол стандарт жана талапка ылайык курулушу керек.

Ал эми эксперт Кайрат Осмоналиев бул чынында эле ири долбоор экенин белгиледи.

"Бул долбоордун өнүгүшү максаттуу болот. Чынын айтканда, бул демилге Батыш санкцияларынан кийин Россия экономикалык жактан айрым кыйынчылыкка туш болгон учурга туура келди. Бул Кытай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Бирок, Кыргызстан баардык инфраструктуралык жолдор өтө турган жөн эле картадагы бир чекит болбошу үчүн кыраакылыкты жоготпоо керек – айрыкча, биздин саясатчылар. Өз кызыкчылыкты кармануу гана эмес, коргоо да керек. Кыргызстанда сунуштай ала турган нерселер бар. Бул демилгенин алкагында өнөктөштүк, ишенимдүү жана өз ара пайдалуу мамиле куруу үчүн өз рыногубузду сүрөө зарыл. Ошондой эле, бул өңдүү демилге улуттук коопсуздукка коркунуч алып келбегени да өтө маанилүү экенин белгилеп кетүү зарыл. Ошентсе да, бул "Бир алкак - бир жол" демилгеси жалпы аймакта, анын ичинде Кыргызстанда да конструктивдүү мүнөздө болорун көрүп жатам. Бир тараптуу эмес, өз ара кызыкчылык болушу керектигин кайталап кетем. Башкысы өз рыногубузду тарттырып жибербей, сунуштап берүү кажет", - деди ал.

Эскерте кетсек, "Бир алкак - бир жол" демилгеси 2013-жылы Астанада (учурда Нур-Султан) айтылган. Азыркы тапта бул долбоорду 120 өлкө колдоодо. Кыргызстан да, КЭРдин стратегиялык өнөктөшү, аны менен бирге "Бир алкак - бир жол" демилгесинин катышуусу болуп келет.

Эксперт Бакыт Бакетаевдин пикири боюнча, бул демилгени ишке ашыруу үчүн так саясий чечимдер, ошондой эле укуктук базасынын шайкештиги жетишпей жатат.

"Мамлекет башчынын Кытайга болгон сапары канткен менен чечилиши керек, туюк делген айрым жагдайларды ачыктап берет деп үмүт арталы. Бул демилге Кыргызстанды кыйгап өтпөшү үчүн эки тарапка тең пайдалуу кызматташуу жолун издөөдө ийкем чечимдерди табуу зарыл деген пикирлер бар", - деди ал.

Эксперттер "Бир алкак - бир жол" долбоорунун алкагында кызматташууну арттыруу үчүн ири мүмкүнчүлүк бар экенин, маселен, маалыматтык технологиялар тармагында Кыргызстан, Кытайдан чыккан маалыматтарды аймактын башка өлкөлөрүнө өткөрүп берүү жана кайра артка жиберүүчү маалыматтык хабы боло аларын белгилешти.

"Бир алкак - бир жол" демилгесинин кытайлык долбоорлоруна катышуу Борбор Азия мамлекеттерине жаңы өндүрүш, жаңы өнүгүү борборлорун ишке киргизүүгө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жардам берерин белгилеп кетүү кажет. Россия илимдер академиясынын Е. М. Примаков атындагы Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Постсоветтик изилдөөлөр борбору тармагынын башчысы Елена Кузьмина, ал Борбор Азиянын жыш отурукташкан аймагы үчүн маанилүү деп эсептейт.

Анын пикири боюнча, кытайлык демилгенин алкагында Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрү үчүн баарынан мурда транспорттук долбоорлор маанилүү. Анын ичинде "Батыш Европа - Батыш Кытай" унаа жолу, "Түндүк - Түштүк" темир жол долбоорлору, "Чуньцин - Дуйсбург" жана Трансазиялык темир жолунун Борбордук коридору бар. Бул транспорттук коридорлордо аймактын баардык өлкөлөрү тартылган.

КР менен КЭРдин ортосундагы мамиленин өнүгүшүндө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын орду чоң болот. Бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Ал белгилегендей, Си Цзиньпиндин сапары июнь айынын ортосуна белгиленип, ал Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги отурумунун алкагында болуп өтөт. Ду Дэвэнь КЭРдин төрагасы келээрден мурда Бишкекке Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрү келерин билдирди.

Аны менен катар элчи, мамлекеттик сапар маалында ар кыл тармактар боюнча бир топ документтерге кол коюларын кошумчалады. Маселен, ал белгилегендей, Кытайды Кыргызстанда инфраструктура жана элдин байгерчилиги багытындагы долбоорлор кызыктырат. Элчи мисал катары, Оштогу заманбап оорукананын ачылышына катышканын айтып өттү.

Кыргызстандын айыл чарба жана туризм багытында ири мүмкүнчүлүктөрү бар. Мындан улам, Кыргызстан менен Борбору Азиянын өлкөлөрүнүн алдында дүйнөлүк экономиканын оазисине айлана алчу аймакты өнүктүрүүнүн жаңы перспективасы пайда болду.

"Бул Кыргызстан үчүн уникалдуу тарыхый учур. Өлкө жетекчилиги КРнын өнүгүү деңгээлин жаңы бийиктикке чыгара алат деген үмүттөр бар. Саммиттин алдында баардык тийиштүү иштерди аткаруу маанилүү. Башталган демилгелерди ишке ашыруу үчүн ири эл аралык иш-чараны колдонуп калуу зарыл", - дейт Донченко.

Пикир

Оставить комментарий