• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Кытай билим берүү жана илим жаатында жетишилген макулдашууларды чогуу ишке ашырат

Билим 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-ноябрда, Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, атап айтканда:

- КЭРдин жогорку окуу жайларында КР жарандарынын билим алуусу үчүн бюджеттик орундарды берүү;

- КЭРдин ЖОЖдорунда окуп жаткан кыргызстандык студенттердин окуусун салттуу форматта улантуусу үчүн Кытайдын аймагына кирүүсү;

- Кыргыз Республикасынын муктаж болгон жалпы билим берүү уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү;

- 1992-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн күндөн тартып 30 жыл өткөнүнө байланыштуу биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар, жолугушуунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн комплекстүү иш жүргүзүү максатында, бирге иштөөгө даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий