• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймакта күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Бүнү, 6-май күнү саат 16:50дө Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймакта очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында 6 балл, Көк-Суу айылында 5 балл, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Алай, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Гүлчө, Сопу-Коргон, Таш-Короо, Кара-Шоро ж.б. айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий