• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытай энергетикалык кызматташтыкты тереңдетүүдө

Саясат 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. КР Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясы жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын куруу боюнча кызматташуу ниетинде макулдашууга кол койду. Бул тууралуу КР Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты келечекте Кыргызстандан Кытайга 220-500 кВ электр берүүчү аба чубалгыларын куруу болуп саналат. Кыргызстанда курулуучу күндөн, шамалдан электр энергиясын өндүрүүчү станциялардын жана ири ГЭСтердин электр энергиясы ички керектөөчүлөрдү толук камсыз кылып бүткөн соң, Кыргыстандан Кытайга 220-500 кВ курулган линия аркылуу ашыкча электр энергиясын коңшу өлкөлөргө кымбат баада экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

"Эске салсак, Орто Азия боюнча болгон самитте жашыл энергетикага болгон суроо-талап көп экени айтылган. Биздеги азыркы аткарылып жаткан көп долбоорлордун ишке ашырылышында келечекте күндөн, шамалдан электр энергиясын өндүргөн станциядар курулат. Алар өзүнүн өндүргөн электр энергиясын сатканга алдын-ала мүмкүнчүлүк болушу керек. Ички керектөөчүлөрдөн ашып калган электр энергиясын алар кимге сатат? - деген суроо жаралат. Мына ушул багытта алдын-ала мамиле куруп кою максатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Келечекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 220-500 кВ аба чубалгыларын куруу боюнча тараптардын кызматташуусунда пландалып жаткан долбоордо "Датка" ПСдан болжолдуу чек ара пункту "Эркечтамга" чейин бир тармактуу 220-500 кВ аба чубалгы куруу, Нарын облусундагы "Ак-Кыя" ПСдан "Торугарт" чек арасына чейин 220-500 кВ аба чубалгы куруу варианттары каралууда.

Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн камсыз кылуу, абоненттердин электр энергиясына болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү зарылчылыгын, ошондой эле ТВЕА компаниясынын финансылык жана техникалык ресурстарга, тажрыйбага жана компетенцияга ээ экендигин эске алып, балким келечекте Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк болуп калса (ал учурда кайсы компания аркылуу эркспорттолоору азырынча белгисиз, ошол учурдагы сүйлөшүүлөргө жараша болот) аба чубалгыларын куруудагы долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий