• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы бекеттер убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Кытайдагы белгилене турган майрамга карата “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери транспорт каражаттарынын өтүүсүнө 14-июндан тарта жабылат.

Кытай тараптын демилгеси менен жабылып жаткан бекеттер 15-июндан тарта ачылат.

Белгилей кетсек, атайын алгоритмге боюнча, Кытайдан Кыргызстанга “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери аркылуу бир гана жүктөр өтөт.

Пикир

Оставить комментарий